Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды
Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды
17 Үчтүн айы 202217:35 Бишкек Govori.TV
Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эделбек Кулматов 1982-жылы 25-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Михайловка айылында туулган.
Иш тажрыйбасы:
2004–2008-жылдары Жалал-Абад шаардык сотунда сот отурумунун катчысы;
2008–2018-жылдар аралыгында жеке ишканаларда юрист, адвокат кызматтарын аркалаган;
2018–2020-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган;
2020–жылы КР президенттик администрациясында эксперт;
2020–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясында директордун орун басары кызматында эмгектенген.