• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кулматов абакта дагы бир айга калды

24 Аяк оона 2018 18:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.

Кубанычбек Кулматов 28-октябрга чейин абакта калды. Мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.
5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө аягына чейин КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоо чечимин чыгарган.
18-июнда Бишкек шаардык соту Бишкектин мурдагы мэри Кулматовду камакта калтырган.
Количество просмотров: 2