• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кулов Атамбаевдин кайрылуусуна пикирин билдирди

18 Жетинин айы 202514:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы президент Садыр Жапаровго жакында жасаган кайрылуусу боюнча билдирүү жасап, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Кулов Атамбаев өзүнүн мөөнөтүндөгү энергетика саясатына баа берүүгө аракет кылганын, бирок бул маселелерди адистерге калтыруу керектигин белгилейт.

Ал мурунку президенттин айрым мамлекеттик объектилерди куруудагы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөрүнө комментарий берип, бир катар маселелер боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөр мурда эле берилгенин жазган.

Ошондой эле ал өз билдирүүсүндө Садыр Жапаров кызматка киришкендей кийин БАЭде мурдагы президенттер менен жолугушуу өткөргөнүн, анын максаты улуттук биримдикти чыңдоо болгонун кошумчалаган.

Кулов ошону менен катар Кой-Таш окуялары, Азиз Батукаевдин иши боюнча комментарий берип, Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын пикирин айткан.

Количество просмотров: 836