Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровдун айткан сынына жооп берип, билдирүү жарыялады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп мурдагы мамлекет башчынын энергетика тармагы боюнча айткандарына жооп берген. Анда Жапаров Атамбаевди энергетика тармагын “сазга батырган” деп айыптап, 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болсо, кийинки он жылда 123 миллиард сомго жеткенин белгилеген. Ошол маалда “энергетика тармагындагы кризистен улам энергетиктерге маянаны банктардан алынган насыянын эсебинен берип калышкан» деп, Атамбаевдин Токтогул ГЭСти жаңылаганы боюнча айткандарын төгүндөгөн болчу.
Ал эми 17-ноябрда Атамбаев өз билдирүүсүндө алгачкы оор энергокризис Бакиевдин тушунда болгонун жазды.
«Эске салайын: алгачкы оор энергокризис Бакиевдин тушунда болгон. Анда сенин бүгүнкү «досторуң» — ошол эле Ширшов жана анын жамааты, алардын арасында Ибраев да бар, энергетика тармагын башкарып турган убак. Ал эми сен президенттин кеңешчиси, Улуттук коррупцияга каршы агенттиктин «жогорку комиссары» элең. Ошол кезде абал бүгүнкүсүнө караганда да оор болчу: энергетикалык шакек жок, эски ТЭЦ көз алдында урап бараткан. Светти азыркыдан да көпкө өчүрүшчү — күнүнө 8–10 сааттан. Бирок 2010-жылы эл бул уурулар тобун кууп чыкты, анан болгону бир-эки жылдын ичинде миңдеген адамдардын эмгеги, инженерлердин билими менен биз энергокризисти чечип, элге жарык жана жылуулук бере алдык. Кыргызстандын энергосистемасын ошондо кризистен туу менен гимнди алмаштыруу, хансарайды салуу эмес, инженерлер менен энергетиктердин ак эмгеги куткарган», — деген ал.
Мурдагы президент андан тышкары Кыргызстанда кымбатчылык болуп, жеке менчикке болгон укук бузулуп, сөз эркиндиги басымга кабылганын кошумчалады.
Атамбаевдин билдирүүсүнүн алдына президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп жазды.
“Сөз эркиндиги боюнча мактанбай эле коюңуз, сиздин убакта муунту чегинен ашкан. Анын бир мисалы мен. Мага карата 2 миллион сом доо, башкаларга алды 10 миллион сом доого жыгуулар болгон. Саясий куугунтук тууралуу сөз кылбай эле коёлу, эң көп саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү камалган. Азыр сиздин уулдарыңыз саясатка эркин аралашып, командаңыз каалаганын сүйлөп жүрөт”, — деди Орунбеков.
Атамбаев менен Жапаровдун кайым айтышуусу Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча Фейсбук баракчасына пост жазгандан кийин башталган. Өлкө башчы анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин билдирип, буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганын айткан.
Жапаровдун билдирүүсүнө Атамбаев жооп берип, учурдагы бийликтин мурдагыларды каталары үчүн сындоого укугу бар экенин, бирок миңдеген адамдардын эмгегин жокко чыгарып, “биз келгенге чейин эч нерсе жасалган эмес” деп айтканы туура эместигин жазган.