• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кулсун Ассанакунова: Айылда той-аштагы ысырапкорчулукту ооздуктоого салым коштум

30 Чын куран 2021 14:42 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Кулсун Ассанакунова 58 жашта.

Ассанакунова Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Какыр айылынан келген.

«Сатыбалды уулу Жолдош атындагы орто мектепте математика сабагынан мугалиммин. Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо кайрадан депутаты болуп шайландым. Айылда той-аштагы ысырапкорчулукту ооздуктоого салым коштум деп айтсам болот. Ошондой эле зордук-зомбулук менен күрөшүү боюнча иштерди жасадык. Алдыда балдар бакчасын куруу маселесин карап жатабыз. Айылдагы балдар үчүн жөө өтмөктөрдү куруу, миграция маселесин чечүү максатында депутат болуп бардым»,-деди ал.


Количество просмотров: 90