• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кулубаев Аскердик доктринанын долбооруна «тышкы агрессия» түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады

13 Кулжа 2023 12:37 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Аскердик доктринасынын долбооруна «тышкы агрессия» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады.

“Тышкы агрессия түшүнүгүн сөзсүз киргизишибиз керек. Өзүңүздөр билгендей 2021-2022-жылдары бул көйгөйдү биз көрдүк. Агрессияга жасаган каршы кыймыл-аракетибиз доктринада да көрсөтүлүшү зарыл”, — деди Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Садыр Жапаров Аскердик доктринанын жаңы долбоорун тезирээк иштеп чыгып, ишке киргизүү керек экенин айтты.

Количество просмотров: 52