• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Коргоо министрлиги Кыргызстандын Аскердик доктринасы менен тааныштырды

13 Кулжа 2023 11:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коргоо министрлиги Кыргызстандын Аскердик доктринасы менен тааныштырды.

Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев аскердик саясаттын негизги максаты — өлкөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүү, эгемендикти коргоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана агрессияга жол бербөө экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан аймактык дооматтарды аскердик күч менен чечүү максатын көздөбөйт.

«Аскердик доктринада Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери көрсөтүлгөн. Доктринанын негизги максаты-куралдуу кагылышууларга жол бербөө», — деп белгиледи Эрлис Тердикбаев.

Ал 1992-2000-жылдары куралдуу күчтөрдүн түзүмү бир нече жолу өзгөргөнүн кошумчалады. 2021-2022-жылдары аскердик реформа учурунда армиядагы жоокерлердин саны көбөйүп, жаңы батальондор түзүлгөн.

Количество просмотров: 43