• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кулубаев БУУнун башкы катчысынын жардамчысын кабыл алды

4 Жалган куран 2024 18:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-мартында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы Ивана Живковичти кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Живкович Кыргызстанга 3-мартынан 7-мартына чейин биринчи жумушчу сапары менен келген. Бул сапарынын алкагында И. Живкович Ош жана Баткен облустарына барып, ошондой эле Бишкектеги бир катар иш-чараларга катышат.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды макулдашышты.

Ошондой эле тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук Жол картасын андан ары, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун инвестицияларын тартуу жолу менен практикалык ишке ашыруунун зарылдыгын талкуулашты. Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору И.Живкович мындай демилгелердин маанилүүлүгүн оң белгилеп, БУУӨПтун Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо боюнча трасттык фондун түзүү ниетин билдирди.

Министр Кулубаев кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, ошондой эле БУУӨПтун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө колдоо жана көмөк көрсөтүүгө ишендирди.

Количество просмотров: 80