• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кулубаев Оман Султанатынын Тышкы иштер министри менен жолугушуу өткөрдү

15 Чын куран 2024 10:57 Бишкек Govori.TV

15-апрелде Ташкент шаарында “Борбор Азия – Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” Стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султанатынын Тышкы иштер министри Саид Альбусаиди мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жогорку дараметин, ошондой эле жакынкы убакта бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Жээнбек Кулубаев кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы укуктук-келишим базаны кеңейтүү боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады. Ошондой эле Кыргызстан менен Омандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүү максатында министр Ж.Кулубаев Кыргыз-Оман Ишкерлер Кеңешин түзүүнү сунуштады.

КР Тышкы саясат мекемесинин Башчысы Ж.Кулубаев оман тарапты үстүбүздөгү жылдын июль айында Ысык-Көлдө пландаштырылган Борбор Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумуна жогорку деңгээлде активдүү катышууга чакырды.

Теги:
Количество просмотров: 63