• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кулубаев Сауд Аравиянын аскердик делегациясын кабыл

19 Үчтүн айы 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгынын (САП) Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Фаяд бин Хамед Аль-Рувайли башында турган САПтын аскердик делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында Кыргыз Республикасына аскердик делегациянын биринчи сапарын канааттануу менен белгилеп, кыргыз тараптын Сауд Аравиясы менен көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде генерал-полковник Ф.Аль-Рувайли Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед Аль Сауддун жана САПтын коргоо министри Халед Аль Сауддун саламын айтып, ошондой эле анын делегациясына көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин түрдүү тармактарда өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешти жана аларды мындан ары да чыңдоого өз ара даярдыгын ырасташты. Ошондой эле аймактык коопсуздук жаатында кызматташуу жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар аскердик тармакта кызматташууну өнүктүрүү боюнча ишти улантуу жана актуалдуу маселелер боюнча биргеликте координациялоону жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Количество просмотров: 53