• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кумтөр: АКШ элчилигинин алдында митинг өттү

16 Баш оона 2021 13:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «Центерра Голд» компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп таануу тууралуу Нью-Йорк сотуна берген доо арызы боюнча митинг өттү.

Акциянын катышуучулары «Центерранын» доо арызы боюнча соттук процесс эртең, 17-августта башталарын белгилешип, Нью-Йорк сотун бул ишти калыс кароого чакырышты.

«Центтерра Кыргызстанды эл аралык сотко берген. Нью-Йорк шаарында «Центерра голд» компаниясынын арызынын негизинде сот болгону жатат.  «Центтерра» акыркы 20 жылдан бери «Кумтөрдү» иштетип келет. Бирок 20 жылдын ичинде бир топ мыйзам бузуулар болуп, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүбүз талкаланды. Биз калыс карап берүүнү талап кылып жатабыз»,-деп билдиришти акциянын катышуучулары.

Кошумчалай кетсек, митинг эртең, 17-августта да өтөт. Ал саат 10:00дө башталат.

Количество просмотров: 117