• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кумтөрдө мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды

5 Тогуздун айы 2021 15:37 Бишкек Govori.TV

Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды. Бул тууралуу «Кумтөр голд компани» (КГК) ишканасынын маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматта канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузганы айтылат. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери, тышкы башкарууга алынган КГКнын командасы менен биргеликте калдыктар ташталган бир нече жайды тапкан.

«Көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана күнүмдүк турмушта колдонулган калдыктарды кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүп келишкен. Бул полигондор бир дагы отчётто же документте көрсөтүлгөн эмес. Кызматкерлердин жардамы менен гана табылды. Экологдордун анализи боюнча мындай калдыктар кендин бүт тарабына көмүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө «Кумтор Голд Компанинин» тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктүн тапшырмасы менен экология тыкыр көзөмөлдөнүп, бардык калдыктар ылганып, кайра иштетүүгө жөнөтүлүп жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 105