• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кумтөр» бийликтин “кустуруу” операциясын чоң деңгээлге чыгарды

1 Кулжа 2021 19:34 Бишкек Govori.TV

Учурда 30 жылдан бери чыры чечилбей келген “Кумтөр” иши тергелүүдө, иштин негизинде кармалгандар да бар. Алардын арасынан экс-төрага Асылбек Жээнбеков, ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров эки айга УКМКнын абагына жайгаштыралса, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаевдер 48 саатка кармалды.

Бул көрүнүш коомчулукта талкууга алынып, ача пикирлерди жаратты. Экс депутат Камила Талиева 2012-жылы “Кумтөрдү” улутташтырууга каршы чыккандар, азыр жооп берээр мезгилдери келди деген пикирин ортого салды.

Бирок, коомчулукта “Кумтөрдү” иликтөө күнөөлүүлөрдү табуу аракетинде тандалма аракети болуп жатат дегендер болууду. Бул тууралуу оюн айткан саясий илимдерини доктору жана профессор, ЖКнын экс-депутаты Жолборс Жоробеков күнөөсү болгон адамдардын баары жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бирок, иш тыкыр иликтенүүсү зарыл.

Азыркы болуп жаткан камоолордун оң жагы болуп жатат деген серепчи Айданбек Акматов соттун өкүмү  чыкпай эле абактан кутулуп жатканы терс көрүнуш экенин айтат.

Кыргызстанда жаңы бийлик келгени “коррупция”, “мыйзамсыз баюу” сыяктуу беренелер менен кылмыш иши козголгон чиновниктер арбыды, бирок анын дээрлик көбү “кустуруу” деген аталышка ээ болгон операциянын негизинде абактан акча төлөп эркиндикке чыгышууда.

Айданбек Акматов бийликтин “Кустуруу” операциясы менен мамлекеттин бюджетин толурабыз деген ойу жаңылыш экенин белгилейт.

Коомчулукта аткаминерлерге ачылган кылмыш ишти кысым катары да баалагандар болууда. Айрымдар белгилегендей, азыркы бийлик эскилердин катасын кайталабоо аракетин кылуусу керек.

Ал эми укук коргоочу Рита Карасартова тергөө менен кызматташып, акча төлөп абактан чыгып жаткандардын иши кийин кайра каралышы мүмкүн экенин айтат.

Ал арада Башкы прокуратура тергөө менен кызматташуу ыкмасын жоюуну сунуш кылды. Буга себеп катары башкы көзөмөл органы, тергөө менен кызматташуу тергөөнүн сапатынын бир кыйла төмөндөшүнө алып келээрин айтат.

Деген менен азыркы күндө тергөө менен кызматташты деген жүйө козголгон ар экинчи иште колдонулуп жатат. Мунун канчалык деңгээлде мыйзамдуулу бар деген суроолор арбын.  Себеби коомчулуктун бир тобу бул ыкма коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзам деп сындап чыгышкан.

Количество просмотров: 197