• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кумтөр» боюнча келишимдерге кол койгон аткаминерлердин тизмеси

17 Бугу 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-майда «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулуп жаткан жыйындын жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев Кумтөр кени боюнча келишимдерге кайсы өкмөт башчылар жана министрлер кол койгонун сурады.

«Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров 1992-жылдан бери Кумтөр боюнча макулдашууларга кол койгон жетекчилерди санап берди:

  • 1992-жылы – премьер-министр Чынгышев, Сарыгулов;
  • 1993-жылы – премьер-министр Чынгышев (Конституциялык келишим, парламент өткөрбөй койгон);
  • 1994-жылы – премьер-министр Жумагулов жана Сарыгулов, премьер-министр Жумагулов жана «СП Голд Компанин» директору Давлетов;
  • 1995-жылы – «Кыргыз алтындан» Сарыгулов (бул жылы 2 ирет кол койгон);
  • 2003-жылы – «Кыргыз алтындан» Кудайбергенов;
  • 2003-жылы – премьер-министр Танаев жана Кудайбергенов (бул жылы 3 ирет кол коюшкан);
  • 2004-жылы – «Кыргыз алтындан» Кудайбергенов жана министр Курманбек Осмонов;
  • 2007-жылы – премьер-министр Атамбаев (парламент таркап кеткен);
  • 2009-жылы – премьер-министр Чудинов жана «Кыргыз алтындан» Жакыпов (бул жылы 2 ирет кол коюшкан);
  • 2013-жылы – премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, президент Атамбаев (күчүнө кирген эмес, парламент колдобой койгон);
  • 2017-жылы – премьер-министр Сапар Исаков;
  • 2019-жылы – премьер-министр Абылгазиев, президент Жээнбеков.

«Макулдашууларга бардык премьер-министр менен президенттер активдүү катышкан», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 11978