• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды

15 Аяк оона 2022 19:56 Бишкек Govori.TV

Кумтөрдөгү коррупцияга боюнча кылмыш ишке тиешеси бар деп мурдагы аткаруучу директор К.Курмановго айыбы угузулду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

«Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКдагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору К.Курмановго Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу”) менен айыбы угузулуп, камакка алуу бөгөт чара тандалып, айыпталуучу К.Курмановго издөө жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Количество просмотров: 69