• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кумтөр иши: Сот Пирматовго өкүм чыгарып, 300 миң сом айып салды

9 Аяк оона 202112:34 Бишкек Govori.TV

“Кумтөр иши” боюнча айыпталган мурдагы депутат Исхак Пирматов Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 9-сентябрындагы өкүмүнө ылайык, И.А. Пирматов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди»,-деп айтылат маалыматта.

Исхак Пирматов Кумтөр боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Кийин тергөө менен кызматташканы үчүн 15-июлда эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

Количество просмотров: 909