• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

«Кумтөр» кенинде каза болгон кыргызстандыктардын өлүмү боюнча кылмыш иштери кайрадан жанданат

20 Бугу 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» кенинде каза болгон кыргызстандыктардын өлүмү боюнча кылмыш иштери кайрадан жанданат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кумтөр» кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал билдиргендей, Кумтөр иштеп жаткан мезгилдин ичинде 19 адам каза болгон.

Ал бардык фактылар боюнча жабырлануучу тараптын дооматтарынын жоктугуна байланыштуу иштер токтотулуп келгендигин айтты. «2018-жылы жана 2020-жылы каза болгондор боюнча кылмыш иши кайрадан жанданат», — деди ал.

Количество просмотров: 227