• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кумтөрдө 9 айда 7 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн

14 Тогуздун айы 202416:42 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр голд компани» ишканасы өндүргөн алтындын жалпы көлөмү 7 тонна 960 килограммды түзүп, коюлган пландан 81 килограммга көбүрөөк болгонун кабарлады.

Компаниянын жалпы кирешеси 579,8 миллион долларды түзүп, пландагы 463,4 миллион доллардан бир кыйла ашты. Ал эми таза киреше 216.6 миллион долларга жетип, коюлган пландагы 87,9 миллион доллардан бир топ жогору болду.

Мындан тышкары, КГК салык жана башка төлөмдөр түрүндө өлкө бюджетине 10 млрд. 37 млн. сом төккөн.

Ошондой эле Кумтөр кенинен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери башталганын компания кабарлады. Мындан тышкары Кумтөрдөгү жер астынан алтын казуу долбоору башталып, келечекте калдык сактоочу жайдан да алтын өндүрүү пландалууда.

Количество просмотров: 152