• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент «Кумтөр» боюнча үн катты

3 Тогуздун айы 2021 9:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» маселеси боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып. “Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот?» «Кумтөрдү» көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт», — деп жазды Садыр Жапаров.

Швейцариянын Женева шаарында Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду жыйынтыкталды.

Эске салсак, май айында өкмөт «Кумтөр» кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңгиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери мамлекет менен Centerra Gold Inc. соттошуп келе жатат.

Количество просмотров: 271