• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кумтөрдүн 19 тонна алтынынан түшкөн акча каякка коротулган?

28 Тогуздун айы 202217:18 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык каражатка сатты. Бул тууралуу бүгүн “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Ал бул алтын Улуттук банктын балансында барбы же жокпу? деген суроо узатты.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев “ооба, алтын Улуттук банктын балансында турат” деп жооп берди.

«2021-жылы 20,5 тонна сатып алдык, алар Швейцарияга көчүрүлдү, анын 19 тоннасы сатылды», — деди ал.

Улуттук банктын жетекчисинин орун басары кошумчалагандай, 2021-жылы алтынды сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү, болжол менен 760 миллион доллар курсту кармап турууга жумшалганын айтты. Ошондой эле өкмөттүн тышкы карызын жабууга 250 миллион доллар жумшалып, азыр бир аз бөлүгү Улуттук банкка тиешелүү коммерциялык банктардын эсебинде турат.

Количество просмотров: 907