• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулду

25 Баш оона 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Кумтөр» кенине берилген тышкы башкаруу режими токтотулду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компанинин» расмий сайтында маалымдалат.

Анда «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жана анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде эки жылда жасалган иштер тууралуу отчет бериши керектиги белгиленген.

Эске салсак, «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов 23-августта мыйзам бузууларга байланыштуу кызматынан бошотулган. Бөлтүрүктүн ордуна Алмаз Барыктабасов дайындалган.

Количество просмотров: 125