• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кундүн ыргагы: УКМКнын абагында Атамбаев жайлуу жайгашты

15 Баш оона 2019 19:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

16-августа Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карайт. Учурда Атамбаев УКМКнын абагында жатат. Ага кирип чыккандардын айтымында, мурдагы президенттин маанайы жакшы. Ал жерде иштегендер ага сылык мамиледе экен. Болгону, түнкүсүн уктай албай жатыптыр. Буга чейинки маалыматтарда УКМКда орун калбаганы айтылган эле. Бирок үч адам отурчу камерада Атамбаев жалгыз экен.
Ошондой эле Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов министр Кашкар Жунушалиевди тергөө бүткүчө кызматтан четтетип турууну талап кылууда. Мындай өтүнүч менен ал президент Сооронбай Жээнбековго жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды. Жактоочу “Курсан Асановго айып коюуда министрдин жеке кызыкчылыгы болушу мүмкүн” -дейт.

Количество просмотров: 19