• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кундуз Жолдубаевага дагы төрт айып коюлду

31 Бештин айы 2019 16:50 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдиy пресс-катчысы, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаевага дагы төрт айып коюлду. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди.

 Жолдубаевага “атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу”, “тергөөгө каршылык көрсөтүү”, “адамды коркунуч абалда калтыруу” жана “адамдын ден соолугуна зыян келтирүү” деген айыптар коюлуп жатат. Мурда ага «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «калайман башаламандык уюштуруу», «барымтага алуу» беренелери менен айптар коюлган.

Кой-Таш окуясы боюнча 39 факт менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Атамбаевге жана анын айрым тарапташтарына айып тагылып, камакка алынган.

27-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Жолдубаеваны 9-февралга чейин үй камагына алган.

Количество просмотров: 864