• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Куну бычылбаган Мегаком дагы арзандайт

5 Бештин айы 2017 16:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы 100% акциясы мамлекетке таандык ири уюлдук оператор «Мегаком» компаниясы үч жолу аукционго чыгарылып, бирок, кардар табылган жок. Баштапкы баасы 19.7 млрд сомго бааланган компания үчүнчү аукционго дээрлик 6.2 млрд сомго арзан коюлганына карабастан кардар табылган эмес. 2017-жылдын 25-августунда түз сатууга коюлган “Мегаком” компаниясына жалгыз кардар Россиялык чай саткан ишкер айым Елена Нагорнаядан арыз келип түшкөн. 15-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Россиялык айым менен Мегаком боюнча сүйлөшүүлөр токтогонун билдирди.

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жаңы жетекчи болуп дайындалган Дүйшөнбек Зилалиев парламентте компаниянын баасын түшүрүү азырынча карала электигин айткан. Бүгүн 5-декабрда фонддун маалымат кызматы Мегакомдун баасы көз карандысыз компаниянын баалоосунан соң белгилүү боло турганын билдирди.

 

Количество просмотров: 20