• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кургак учук менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болобу?

23 Жалган куран 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5 миң 600дөн ашуун учуру катталат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, кургак учук сыяктуу аба аркылуу жугуучу респиратордук инфекциялардан жабыркаган адамдарда COVID-19 оор өтүү ыктымалдыгы жогору.

“COVID-19 менен күрөшүү үчүн кургак учукка чалдыккандар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуулары зарыл. Бул үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу кажет”, — деп айтылат маалыматта.

Эмдөө алууга болбойт:

  • курч респиратордук ооруларга кабылганда;
  • вакцинанын компоненттерине аллергия болсо;
  • өнөкөт оорулар күчөп жатканда;
  • сезгенүү процесстери жана интоксикация белгилери айкын кургак учуктун активдүү фазасында.

Эгерде сизде жогоруда аталган каршы көрсөтмөлөр болсо, анда дарыланып, андан соң эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Количество просмотров: 98