• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Курманбек Бакиев Беларуста эки башка паспорт алган (иликтөө)

11 Жетинин айы 202316:12 Бишкек Govori.TV

«Альянс расследователей Беларуси» иликтөөчүлөр тобу Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты.

Беларус иликтөөчүлөрү Курманбек Бакиевге Александр Лукашенконун атайын буйругу менен 2010-жылы август айында жарандык жана паспорт берилгенин аныкташкан. Бирок, Курманбек Бакиев кийин Закир Салиев деген ысым менен ID номерлүү экинчи паспорт алган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 224