• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Курманов: «Кумтөрдө» 18 чет элдик адисти кыскартып, алардын айлыгына 200 жергиликтүү кызматкер алдык

14 Үчтүн айы 2022 11:45 Бишкек Govori.TV

Башкаруу алмашканы «Кумтөр» кениндеги 18 чет элдик адисти кыскартып, алардын алып жүргөн айлыгына жергиликтүү 200 кызматкерди ишке алууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компанинин» аткаруучу директору Канат Курманов маалымат жыйынында билдирди.

«Кумтөрдө сырттан башкаруу киргени кадрдык да өзгорүүлөр орун алды. Анча көп болбосо да кыскартуулар орун алды. Мисалы 18 чет өлкөлүк кызматкерди (канадалык, малайзиялык, филиппиндик адистер) кыскартуу менен, алардык алып жүргөн айлык акысынын эсебинен 200 жергиликтүү кызматкерди алдык. Мындан тышкары ЖОЖдордун студенттери жана жаш адистер үчүн акы төлөнүүчү практика программасын ишке киргиздик. Учурда 91 адам стажёр болуп иштеп жатышат. Быйылкы пландар боюнча дагы 100гө жакын стажёрлорду кабыл алабыз деп жатабыз», — деди ал.

Канат Курманов кошумчалагандай, 2021-жылдын башынан бери Кумтөр кенинде алтын чыгаруу салыштырмалуу өскөн. Ал билдиргендей, тышкы башкаруу киргизилгенден кийин «Кумтөр Голд Компани» баалуу металлды казып алуу боюнча пландарын ашыра аткарууга жетишкен.

Количество просмотров: 930