• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн алдын ала себеби айтылды

3 Баш оона 2022 9:39 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин борборунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн алдын ала себебин атады.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, көп кабаттуу үйдүн 14-кабатында өрттүн чыгышына курулуш материалдарынын кароосуз калгандыгы себеп болгон», — деп айтылат маалыматында.

Белгилей кетсек, өрт саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 30дан ашык өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-августта Бишкектеги Манас жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.

Количество просмотров: 198