• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Курулуш үчүн 2024-жылга 8 млрд сом бекилди

23 Бештин айы 2023 11:47 Бишкек Govori.TV

Курулуш үчүн 2024-жылга 8 млрд сом бекилди, бирок убагында мындан дагы кескин көп болот. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев, 2024-жылга жалпысынан 381 объектте курулуштарды пландалып жатканын билдирди.

“Анын ичинде 248 объект жаңы курулат, 80 объект 1 млрд сомго капиталдык оңдоодон өтөт. Узакка созулган 135 объект бүтөт. 55 айылга таза суу кирет. 2024-жылы жаңы 154 мектеп жана 45 бала бакча курулушун пландаштырылууда. Андан тышкары, 58 мектеп жана 5 бала бакчада оңдоп-түзөө иштери пландаштырууда. 2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, 2024-жылы Саламаттык сактоодо 1 млрд сомго 23 объект курулат.

Теги:
Количество просмотров: 198