• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү

25 Баш оона 202217:51 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен дүкөндөгү бардык курулуш товарлары жана «Mercedes » үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар катталган жок

Количество просмотров: 167