Куудул Борончу Кудайбергенов Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси болуп дайындалганы 15-апрелде белгилүү болду. Маалыматты аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан тастыкташты.
«Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалган. Ал жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешет», — деди маалымат кытчы.
Эске салсак, 15-апрель күнү Пригородный айылында кредит алган 10 чакты аял айыл өкмөтүнүн имаратын басып алып, өздөрүн өрттөйбүз, деп коркутушкан. Алар менен сүйлөшүүгө вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, Чүй облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев жана башка бийлик өкүлдөрү келишкен. Чиновниктердин арасында куудул Борончу Кудайбергенов да бар болчу.
Борончу Кудайбергенов 2011-жылы «Кыргызстан эл биримдиги» коомдук бирикмесинин атынан өзүнүн талапкерлигин президенттикке койгон.