• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Куураган бак-дарактардан жасалган өзгөчө этно ашкана

6 Аяк оона 202413:34 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында жашылдандыруу муниципалдык ишканасы тарабынан этно ашкананын ачылышы болду.

Ашкана ичиндеги жыгач стол, стулдардан тартып, кол жуугуч, асма чырак, дубалдагы кооздуктарга чейин иш билги кызматкерлеринин колунан жаралган. Буга бир эле мээнеттен эмес, чыгармачылык изденүүдөн жаралган буюмдар болгондуктан, келгендерин көңүлүн өзгөчө бурдурууда.

Ашкананын ар бир оокаты шаар ичиндеги куурап калган бак-дарактардан жасалган. Аны толук жабдуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом бөлүнгөн.

Эми бул ашкана аталган ишканада иштеген 50дөн ашуун кызматкерди түшкү тамак менен камсыздап турмакчы.

Количество просмотров: 164