• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кычан Жакыпов атындагы сейил багында ишембилик өттү

6 Аяк оона 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Абдрахманов менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кычан Жакыпов атындагы сейил багында ишембилик өтүп, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине министрликтин, Департаменттердин, Улуттук маданий бордордун, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жана М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын кызматкерлери катышты.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине эскертүүнү аткарбагандыгы үчүн айып салган.

Количество просмотров: 72