• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

16-сентябрда өлкөдө ишембилик өтөт

14 Аяк оона 202317:17 Бишкек Govori.TV

16-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө арналган масштабдуу экологиялык акция өткөрөт.

Маалым болгондой, иш-чара президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

Иш-чаранын башкы максаты — таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2022-жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан.

Бардык таштандылар сорттолуп кайра-иштетүүчү ишканалар тарабынан алынып чыгарылган. Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт.

Количество просмотров: 143