• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мэрия тургундарды жазгы ишембиликке катышууга чакырат

14 Жалган куран 2024 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан келе жаткан жалпы шаардык ишембиликтерге карата жергиликтүү муниципалитеттердин башчылары жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда муниципалдык инспекциянын бөлүм башчылары аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнө шаардыктарды жанаша жайгашкан жерлерди тазалоого, короо тилкелерин, сейил бактарды, скверлерди көрктөндүрүүгө, жолдорду, тротуарларды жана унаа токтоочу жерлерди тийиштүү абалга келтирүүгө, ошондой эле газондорду кургак шагылдардан жана былтыркы жалбырактардан тазалоого активдүү катышууга чакырышты.

Эскерте кетсек, Бишкекти көрктөндүрүү, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана жашылдандыруу боюнча иш-чара 11-марттан 11-майга чейин өтөт.

Количество просмотров: 57