Бишкек. 17. 01. 2018. Govori.Tv
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов чыныгы кыргыз болду. Тагыраагы, ал паспорттогу ысымын Кылычбек Султан деп өзгөрткөнүн Kaktus.media агенттигине өзү тастыктаган.
“Буга чейин менин фамилиям Султанов болчу, бирок, эки жыл мурун эле мен Кылычбек Султан деп өзгөрткөмүн. Биз чейрек кылымдан бери өз алдыбызча мамлекетпиз, бирок, бизге чоочун болгон “овтор жана овалар” мүчөсү уланган фамилия менен калып келе жатабыз. Мен Атамекенимди сүйгөнүм үчүн өз фамилиямды кыргыз вариантка оңдодум. Менин балдарымдын фамилиялары дагы Султан. Айылымда бизди Султан-Атанын урпактары катары билишет. Чындыгында, сен качан өз өлкөңдөн алыс, ар түрдүү элдин арасында жүргөндө көз-караштарың бир аз өзгөрөт экен”,-дейт элчи.
Андан ары ал Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуту делген графага кыргыз, орус же дунган деп жазылбаганын, бирок, миграциялык карта толтуруп жаткан кезде улуту деген жерге дүйнө азыр улутка маани бербей калганына карабай, өз улутун жазышаарына көп эле күбө болгонун айтып, “Фамилиямды өзгөртүү дипломатиялык байланыштарга эч тоскоолдук жараткан жок”,-деп кошумчалайт.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда биринчилерден болуп фамилиясындагы “ов” мүчөсүнөн кутулган белгилүү адамдар бул саясатчы Болот Шернияз менен тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин болсо, Кытайдагы кыргыз боордошторубуз башынан эле өз атын жана Атасынын аты менен эле катталып, Жусуп Мамай, Төлөк Төрөкан, Макелек Өмүрбай болуп жүрүшөт.