• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо
Сүрөт: Азаттык

Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал (видео)

4 Чын куран 2018 15:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.04.2018.Govori.TV

«Кечээ, 3-апрелде кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Ходжа Аъло айылынын жарандары ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжал  чек ара тилкесинде Кыргызстандын жараны дубал тургузуп андан жаңжал чыгып эки тараптан элүүдөй киши чогулуп  анын арты таш ыргытууга чейин жеткен. Бирок, жарым саатка жетпей жөнгө салынган.  Бул окуяны жөнгө салуу боюнча атайын кечээ кыргыз-тажик чек ара кызматкерлеринин ортосунда жолугушуу болгон. Мындан сырткары түнү менен чек ара кызматкерлери көзөмөлгө алышкан.  Бүгүн 4-апрелге карата чек арадагы абал туруктуу.Бул боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп эки өлкөнүн акимдери жолугушуп сүйлөшүтү. Чек ара кызматкерлери күндөгүдөй иштерин аткарууда » -дейт Бөрүбаев.

 

Количество просмотров: 28