• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Кыргыз студенттери Арабияда 2018-жылкы унааны утуп алышты

12 Жалган куран 201815:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12. 03. 2018. Govori. TV
Сауд Арабиясынын падышачылыгы тарабынан уюштурулган “Дүйнө элдеринин маданияты” аталган фестивалда кыргыз студенттери 1-орунду жеңип, 2018-жылкы “Митцубиси” унаасын белекке алышты. Бул тууралуу студенттер менен кабарлашкан Алмаз Талипакунов бизге сүйүнчүлөдү.

Ал белгилегендей, 7-жолу өтүп жаткан бул иш чарага Медина шаарындагы ислам университетинде окуп жаткан студенттер катышышкан. “Кыргыздын боз үйүн тигип, музыкалык аспаптарында ойногон студенттер өлкөнүн маданияты, тили, тарыхы, оюндары, каада-салты тууралуу фестивалга келген меймандарга кеңири айтып берип, кызыгууну жарыташкан. 80 мамлекеттен 550 студент катышкан. Жыйынтыгында, 1-орунду кыргызстандык, 2-орунду тажикстандык, 3-орунду йемендик студенттер ээлешкен”,-деп билдирет ал.

Эске сала кетсек, аталган фестиваль быйыл 7-ирээт өтүп жатыптыр.
Количество просмотров: 20