• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз ТИМи Данияр Үсөнов боюнча Беларусияга нааразылык нотасын тапшырды

28 Теке 2018 19:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.07.2018.Govori.TV.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Беларуска нота жөнөттү. Бул тууралуу тышкы иштер мекемеси кабарлады.

Нота 28-июлда Беларустун Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Ивановго тапшырылды.

«Анда Кыргызстан сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылып жана издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун Белоруссияда жайгашып жана ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы таптакыр туура эместиги айтылган.Бул факты эки тараптуу достук алакага кезектеги терс таасирин тийгизип, 2010-жылдын 7-апрелинде каза тапкандардын жакындарынын жана жарадар болгондордун сезимин дагы бир жолу жаралайт», — деп билдирди ТИМ.

Кыргыз тарап акыркы жылдары кыргыз-беларусь мамилелеринин ар тараптан, андан сырткары ири интеграциялык уюмдардын алкагында да активдешкенине карабастан, расмий Минскинин КР аймагында соттолгон аткаминерлерди калкалап, колдоп жаткандыгына өкүнүүсүн билдирген.

Кыргызстан Белоруссияны бул жагдайга карата кадамын өзгөртүп, эл аралык алкакта кабыл алган милдеттенмелерин аткарууга чакырган.

Кыргызстан менен Белоруссиянын жалпыга маалымдоо каражаттарына Даниил Урицкий деген ысымдагы Данияр Үсөновдун коомчулукка аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен чогуу жүргөнү боюнча маалыматтар чыккан.

Количество просмотров: 35