• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кыргызстан Иерусалим боюнча үн катты

8 Бештин айы 2017 19:46 Бишкек Govori.TV

“Кыргызстан Иерусалим шаарынын тарыхый-укуктук статусунун айланасында болуп жаткан окуялардын өнүгүүсүнө тынчсыздануусун билдирет. Болуп жаткан окуялар палестина-израиль конфликтин чечүүдө тескери таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгыштагы абалды курчушуна алып келет”-деп билдирди Тышкы иштери министрлигин маалымат кызматы.

“Кыргызстан палестина-израиль” конфликти тынчтык жолу менен  эл аралык принциптердин негизинде Коргоо кеңешинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган резолюциянын негизинде чечилишине тилегин билдирет”-деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп талаштуу Иерусалим шаарын Израилдин борбору деп тааныган. АКШ президентинин бул чечими Англия, Германия, Франция, Түркия жана бир катар араб мамлекеттеринин нааразычылыгын жараткан.

Количество просмотров: 7