• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан-Казакстан ТИМдери нота алмашышты

30 Бугу 2018 8:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV
Казакстандын Алматы аэропортундагы күч органдарынын  Кыргызстандын жарандарын негиссиз түрдө  текшерүүгө алып, аларга өзүнчө сурак жүргүзүп, паспорттук белгилерин жазып, жашаган жеринен, телефон номурларына чейин, телефондук аппараттарынын IMEI коддоруна чейин көчүрүп жазгандыгы үчүн Кыргызстанды Тышкы Иштер Министрлиги Казакстандын ТИМине нота жөнөтүп, жооп алышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда кыргыз тарап коңшулардан кыргыз жарандарына болгон негизссиз текшерүүлөрүнүн төркүнүн түшүндүрүп берүү талап кылынган.
“Казакстандын тышкы иштер министрлигинен келген жооп нотада өлкө чек арасына кирип-чыгуудагы текшерүүлөр “Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө”  Мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнү айтылат.  Нотада текшерүүлөр эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү менен тарапташтарынын ачыкталганына байланыштуу болгону айтылат”,-деп жазылган билдирүүдө.
Количество просмотров: 26