• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда 2017-жылы кыйноолор боюнча 400 арыздын,  18ине гана иш козголгон…

25 Чын куран 2018 8:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек 25.04.2018. Govori.TV
“Кыргызстанда кыйноолор азайган жок”. Бул маалыматты Кыргызстандагы кыйноолорго каршы Улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы убактылуучу кармоочу жайларда кылмышка шектүү адамдарды кармоолор мыйзамсыздык менен коштолуп келет. “Жакында эле Талас, Нарын, Ысыккөл облустарын кыдырып, убактылуу кармоочу жайлардын абалы, андагы кармалып турган адамдардын ал-абалы менен таанышып келдик. Ал жакта убактылуу кармоо мөөнөтү бүткөн жарандар деле мыйзамсыз кармалып турганы факты. Бул РИИБлердин эле күнөөсү эмес, соттордун да күнөөсү. Анткени, алар адамдардын баш коргоо чарасы мөөнөтү бүткөндөн кийин же үй камагына чыгарып же өлөкдөн чыкпоо шарты менен убагында койо берүүү чечимин кабы алышпайт”,-дейт ал.
Ал белгилегендеЙ, былтыркы жылы укук коргоо органдары тарабынан кыйноолор болгондугу тууралуу 400дөн ашык арыз келип түшсө, прокуратура бул арыздардын ичинен 18 факты боюнча гана иш козгогонун, алардын 9у улуттук борбордун кийлигишүүсү менен ишке ашкан. Демек, прокуратурадагы кыйноолорго каршы күрөшүүчү бөлүмдөрдүн ишинен натыйжа чыккан эмес…
Количество просмотров: 25