Мыйзамсыз жол менен кармалган дагы бир арстандын баласы «Бугу эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Тактап айтканда, белгисиз жарандар кечээ, түн маалында арстандын баласын «Бугу эне» коомдук фондунун жетекчисинин үйүнө калтырып кеткен. Маалыматты дароо инспекцияга жеткирген фонддун төрайымы Салтанат Сейитова, Мамэкотехинспекциянын экологдору менен биргеликте арстандын баласын текшерүүгө алышкан.Учурда жырткычтын баласы жакшы багылганы аныкталып,эч кандай оорусу жок экени такталды. Ошондой эле Мамэкотехинспекциянын Басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын сунушу менен кичинекей арстанга Актилек аттуу ысым ыйгарылды. Эске сала кетсек буга чейин табылган арстандын баласына Акжолтой ысымы берилген!