• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024
сүрөт http://theopenasia.net дарегинен алынды

Аялдар эркектерден көп

8 Жалган куран 2018 10:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 8.03. 2018. Govori.TV

Кыргызстанда аялдардын саны жалпы калктын 50, 5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Анда белгилүү болгондой, 0,5 пайыз деген сан бул айымдар мырзалардан 195 400 көп экен. Ошондой эле айымдардын көпчүлүгү элет жеринде жашайт. Мисалы, Ош жана Жалал-Абад облустарында ар бир бешинчи жаран айымдар болсо, Бишкекте ар бир алтынчы тургун аял заты.

Ошондой эле үй-бүлөлүк абалга келсек, 2017-жылы 47 800 айым никеге турса, алардын басымдуу бөлүгүн 18-25 жаштын ортосундагылар болгон. 2015-жылдагы иликтөөлөр боюнча, өлкөдө айымдар мырзаларга караганда 5-15 жылга көбүрөөк өмүр сүрүшөөрү маалым болгон.

Комитеттин андан аркы маалыматтарына таянсак, 15-17 жаштагы кыздардын төрөөсү 2006-жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга арбыганы айтылат.

Миграция маселесине келсек, 2017-жылы ички жана тышкы миграция агымына 21, 3 миң жаран кабылса, алардын ичинен 14,2 миңи айымдар болуп эсептелген.

Жумуштуулук боюнча алып караганда, Кыргызстанда кыймылсыз мүлк менен алектенгендердин 93 пайызы айымдар болсо, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө тармагында 84 пайыз, билим берүү жаатында 79 пайыз,  мейманкана жана ресторандарда 59 пайыз, өнөр жайда 45 пайыз айымдар жумуш аткарышат.

 

Количество просмотров: 28