• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда саясий туткундарды бошотуу талабы коюлду

14 Бештин айы 2017 18:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2017. Govori.TV. Динар Турдугулова

Кыргыз тарыхында оппозициялык саясатчыларга жана сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй саясий куугунтук Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин учурунда күч алды. Мындай пикирин өлкөнүн бир катар саясий ишмерлери жана оппозициячылары айтып келишет. Бул жагдай мындан ары да уланып, Кыргызстандын демократиялуу өлкө деген атына доо кетпеси үчүн, мындан ары жаңы президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетти мыйзамдуу талаага кайтаруусу керек деген кайрылуу-талаптар анын дарегине жолдонууда. Бул боюнча сөз эркиндигин коргоо комитетинин жыйынында айтылды.

Өкүнүчтүүсү, алардын биринин да күнөөлөрү далилденбеген. Телефондук сүйлөшүүлөр менен оппозициячыларды акмалоо УКМКнын болгон кылаар иши болуп, бул кеткен бийликтин бетине жабылган кара чиркөө болду дешет айрымдар.

Көрүнүктүү саясатчыларды камакка алуунун амалы да кылдат аткарылган. Шайлоо алдында аларды жок кылуу менен гана максаттарга жетишмек. Эн негизгиси, кунөөлөрү далилденбегендигине карабай, соттор мыйзамдарды одоно бузуу менен камоо чечимин чыгарышканына коомчулук кубө – дегендер арбын.

Оппозиция лидери Омурбек Текебаев Атамбаев үчүн эн таасирдуу куч эле. Андыктан, алдыдагы негизги саясий өнөктүктө андан жолу тазалоо аракетин мыйзамсыз ишке ашырды, тез арада жалаа менен камакка алды, бирок бул Текебаевге саясий жактан чоң утуш алып келди,- дейт коомдук ишмер Феликс Кулов.

Саясий куугунтук менен камакка алынган чечимдер бийликтин түздон-түз көрсөтмөсү менен ишке ашты деген пикирлер арбын. Ал гана турсун, саясатчылардын өздөрү эле эмес, алардын жакындары да жабыр тарткан учурлар жок эмес.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мойнунда чон милдеттер турат, мурдагы бийлик кетирген кемчиликтерди ал жоюп, саясий куугунтукка алынгандардын ишин мыйзамдуу түрдө кайра карап  чыгышы керек, бүтундөй эл ага алдыдагы 6 жылга ага ишеним артып турат, — дейт Марат Иманкулов.

Саясий туткундарды коргоо жана сөз эркиндигин коргоо комитеттери өлкөдө мыйзамдуулукту калыбына келтирүү боюнча биргелешкен резолюция кабыл алып, президент  Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошот. Талаптары — диктаторлук системаны бузуу керектигин айткан адамдар темир тор артынан бошотулушу керек.

Количество просмотров: 47