Бишкек.17.01.18.Govori.TV
Ызгаардуу кыштын бүгүнкү күнүндө Дордой базары м-н Келечек конушунун ортосундагы жолдо, жука одеялга ымыркайын көтөрүп жылаңбаш турган келин көзүмө биринчи көрүндү. «Э айланайын, мобу суукта башыңа салынсаң боло?»-деп жөн турбаган жаным кобурана кеттим. Көрсө, бизди издеп таппай жүрүптүр. Байкуш тиши-тишине тийбейт, үшүп калыптыр.Жылуу чайдан берип, маек курдук. Өзү 35 жашта экен. Биринчи күйөөсү каза болуптур.Андан 2 уулу бар экен. Кийинки тийген күйөөсү кызыл камчы чыгып, күн көрсөтпөй, айласы кетип,балдарын мурдагы кайын-журтуна жиберсе, алар интернатка өткөрүп салыптыр. Бул күйөөсүнөн бир кыз 3 жашта, уулу 2,5 ай экен. Күйөөсүнөн кетип калганына жарым жыл болуптур.Төрөөр төрөгүчөктү пол жууп иштептир. Азыр азык-түлүгү жок кыйналганынан бизди издеп келген экен.
Кышкы чилдеде кыйын ахвалдагы Гүлмира колдоого муктаж. Эмне керек? 1.Азык-түлүк.2.Баласына памперс.
Байланыш тел:0702-69-20-75-Гүлмира.