• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кытай элчиси ТВЕА менен «Хуавей» тууралуу үн катты

16 Жалган куран 2018 16:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек 16.03.18 Govori.tv
 Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси  Сяо Цинхуа  ММК өкүлдөрү менен жолукту. Ал жогорку эки компанияга токтолду.
 «ТВЕА — бул энергетика тармагындагы жакшы ат менен дүйнөгө белгилүү компания. Башка өлкөлөрдө дагы долбоорлорду ишке ашырып, жогорку баага татып келе жатышат. ТВЕА  долбоордун алкагында өз ишин аткарды. Ал эми аны иликтөө Кыргызстандын ички маселеси. Биз кийлигишпейбиз деди»,- Сяо Цинхуа.
 Ошондой эле элчи кытайдын «Хуавей» компаниясына дагы токтолду.
 «Бул коммерциялык долбоор. Эгер бир тарап келишимдин шарттарына макул эмес болсо, чыгып кете берсе болот. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Бул нерсе эки өлкөнүн мамилесине таасир этпейт»,-деди элчи. 

 

Количество просмотров: 22