• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы. ТЭЦ салган ТВЕАнын документтери жок… Ишенчээк Аскар Шадиев  күнөөсүн моюндады…

16 Бирдин айы 2018 18:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16. 02. 2018. Govori.TV
“Шалаакылык” деп иш козгогондор шалаакыбы?

Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепеттерин аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы бүгүн өз ишин баштады. Депутаттар ТЭЦтин болгон имарааттарын кыдырып, аварияга күннөлөнүп жаткан носостук станцияны, суу чыпколоочу блокторду, модернизация болгон жаңы бөлүктү кыдырып чыккан соң Жогорку Кеңешке кайтып келип,  тиешелүү органдардын жетекчилерин төрт саат “такалашты”.
Айталы, тажрыйбалуу юрист, мурдагы Башпрокурор, азыркы депутат мыктыбек Абдылдаев Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча шалаакылык беренеси менен козголгон кылмыш иши туура эмес экендигин айтты.  «Шалаакылык беренеси менен кылмыш ишин козгопсуңар. Кимди суракка алдыңар»,-деп УКМК өкүлүнө суроо берди депутат. УКМК өкүлү: «Бишкек ЖЭБдин мурдагы директорун, башкы инженерди сурадык. Азыр төмөндөн өйдө сурап жатабыз»,-деди.
Буга болсо Мыктыбек Абдылдаев Бишкек ЖЭБинин директору, башкы инженер, керек болсо энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев дагы кызмат адамы эмес, чарба адамы экенин айтты. Шалаакылык беренеси кызмат абалындагы гана адамдарга козголот. Ошондой эле ал прокуратура чарба ишине кийлигишпесин деген мыйзам бар экендигин, бирок Башкы Прокуратура өзү ал мыйзамды бузуп жатканын айтып, Башкы Прокуратура өзү шалаакы мамиле кылгандыгын билдирди.
УКМК ТВЕАны эмнеге калкалайт?
Ал эми комиссияга мүчө Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болсо Бишкек ТЭЦиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында модернизация кылган кытайлык ТВЕА компаниясынын документтерин УКМК жыйнап кеткенин билдирип, УКМК өкүлүнө-«эмне үчүн документтерди жыйнап кеттиңер» деп суроо салды. УКМК өкүлү болсо  документтер тергөө ишинин негизинде жыйналып кеткенин билдирди. Депутат Масалиев бул шек жаратарын айтып, депутаттык комиссияга документтерди берүүнү талап кылды. УКМК Башкы прокуратура шалаакылык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө ишин жүргүзүүдө.

Мындан да кызыгы  Кыргызстан ТЭЦти модернизация кылган ТВЕА компаниясынан гранттык каражат албаптыр. Мунун КРнын каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков ачык айтты.  Ал Депутат Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып,  “Кытайтын Экспорттук-импорттук Банкы ТЭЦти модернизациялоо боюнча каражатты 20 жылга 11 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен жылдык 2 пайыздык үстөгү менен берген. Гранттык каражатты биз алган эмеспиз, бөлүнгөн эмес”,-деп жооп кайтарды.
Грант эмес кредит экен…
Демек, Кыргызстан Кытай тараптан эч кандай гранттык негизде каражат алган эмеспи? Анда буга чейин кан какшап айтылып жаткан гранттык каражат кайда кетти? Депутаттар мына ушундай соболдорду узатууга аргасыз болушту эле, буга “Электр Станциялары” ААКсынын жетекчиси Узак Кыдырбаев жооп берди. Анын белгилешинче, кытайлык ТВЕА гранттык каражатты акчалай эмес, техникалык жарак-жабдыктар жана эмеректер түрүндө бериптир. Албетте, бул боюнча депутаттык комиссия тыкыр иликтөө жүргүзсө көп фактылар калкып чыга турган…
Ошол эле маалда таңкы кыдыруу маалында ТЭЦтин азыркы директору авариянын кесепетин насостун иштебей калышынан эмес, насоско суу келүүчү түтүктөрдөгү чыпканын бетин кир каптап калып, насос курулай иштеп калганы менен түшүндүрдү. Ал эми өкмөт башчы болсо буга чейин “насосту ачышканда ичинде кир, баткак толуп калган экен” деп парламентте айткан. ТЭЦтин жаңы директору болсо насоско чейин суу химиялык тазалоодон өтүп келээрин айтып, өкмөт ашчысынын сөзүн төгүнгө чыгарып койду.
Ишенчээк министр “иттик”  өзүндө да бар экенин айтты…
 “Парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгонунан абдан өкүнөм. Мында комитет башчысы катары менин да күнөөм бар, тергөөгө жардам берип, иштин аягына чыгышына кызыкдармын”. Бул сөздү Govori.TVга маек берип жатып КРнын биринчи вице-премьер министри Аскарбек Шадиев айтты.
Анын айтымына караганда, парламенттеги эл аралык иштер жана коргонуу, коопсуздук боюнча комитетти жетектеп турганда комитеттин бөлүм башчысы ага кирип, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы тарабынан уюштурулган абройлуу сыйлыкка акча бөлүү боюнча төрагага кайрылуу катына кол коюуну суранган.

“Баарынан дагы Чыңгыз Төрөкуловичтин атына ыйгарылган сыйлык тууралуу кеп болуп жатса, парламенттер аралык сыйлыкты алдын-ала бюджеттен бөлүп жөнөтүү керектигин түшүндүрүп жатса, мен Арсен Закировго ишендим да. Көптөн бери көрүп жүргөм, аны мындайга барат деп ойлогон эмесмин, көп кагаздарга кол коем, комитеттин бөлүм башчысына ишенгемин. Ал жигитти жекече тааныбайт элем, бирок, көп жылдардан бери көрүп жүргөмүн. Бул окуя кыргыз парламентин эл аралык аренада да уят кылды”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, УКМК тарабынан 9-февралда Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров кармалган. Ага тергөө органы “документтерди жасалмалоо” жана “мамлекеттин каражатын ээлеп алуу” беренелери менен кылмыш иши ачылган.
Количество просмотров: 48