• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Осмонбек Артыкбаев кытайлыктарды таарынтпоону суранат

14 Жалган куран 2018 9:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.03. 2018. Govori.TV

“ММКлардан ТВЕА компаниясынын билдирүүсүн окудум. Анда алар модернизация маселесинин айланасындагы кыргыз тараптын нааразычылыгына бир аз түшүнбөй, таарынгандай болуп жатышат”. Бул тууралуу Бишкек  ТЭЦинин авариялык абалын жана модернизацияга кеткен чыгымды талкуулаган депкомиссиянын жыйынында КСДПчы депутат Осмонбек  Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, кытайлык ТВЕА компаниясынын ээси абдан бай киши жана комунистик партиянын мүчөсү экен. Ал кыргыз Өмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин суранычын четке кага албай, ТЭЦти башка компаниялардан арзан модернизация кылууга жана техникалык грант түрүндө жардам берүүгө макул болгон экен. Андыктан, аларды таарынтып алуу чекилик болоорун кыйытты.

“Алар долбоорду арзан куруп берсек, үстүнө кошумча дагы 20 млн. доллар техникалык крант берсек, кайра бизди күнөөлөп жатышатканы эмнеси” деп таң калып, таарынып жатышат, сыягы. Кечирип койгула, бирок, алар жардам бербегенде мындан да абал кыйын болмок. Аларга тескерисинче, ырахмат айтышыбыз керек”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болуп турган маалда ТЭЦтин модернизациясы жанданып, эч кандай конкурс жана мониторинг өтпөстөн кытайлык ТВЕА компаниясы тандалып алынган.

 

Количество просмотров: 30