• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытай компартиясы КСДПга акча бергени билинди

23 Жалган куран 2018 11:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясына жардам иретинде 1 млн. сом бөлдү.
Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Азаттык” радиосундагы “Арай көз чарай” талкуусу учурунда билдирди.
Анын айтымында, КСДПнын Орусиядагы “Единая Россия”, Казакстандагы “Нур отан”, Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар. Ал гранттык негизде берилген каражат партиянын ишмердүүлүгүнө, кеңселерин каржылоого, залын оңдоого жумшалышы ыктымалдыгын айтты.
— Партияга жардам иретинде 1 млн. сомдун тегерегинде гранттык каражат келген экен. Партиянын ишмердигине, кеңсесин каржылоого, Форумдагы партиянын жыйындар залын оңдоого жумшалат деген маалымат уктум. Эми кандай жардамдар келип, ал кандай жумшалып жатканы тууралуу курултайда отчет берилсе керек. Бул партиянын жетекчилери жооп бере турган суроо.
Момбеков курултайда партияга кандай жардамдар келгени тууралуу маалымат айтылышы ыктымалдыгын да кошумчалады.
Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөнов бул тууралуу маалымат бере албасын айтты.
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги жыйыны 31-мартка белгиленген.
КСДПнын отуруму бир нече жолу жылдырылган. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак курултайда Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген.
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта кала берерин, партиялык ишин жандандырарын журналисттерге айткан. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партиялык тизмесин жетектеп барарын билдирген.
Төраганы бекитүүдөн башка курултайдын күн тартибине кайсы маселелер киргени расмий айтыла элек.
Булак: Азаттык
Количество просмотров: 5